Пакистанда нөшөрлөп жааган жамгыр: 25 киши каза болду
Өлкө боюнча нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп жана кыйроолордон улам акыркы 24 саатта 25 киши каза болду.
Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана кыйроолордон акыркы 24 саатта 25 киши каза болду.
Муссон жамгырлары Пакистанга таасирин тийгизүүдө.
Өлкө боюнча нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп жана кыйроолордон улам акыркы 24 саатта 25 киши каза болду.
Жамгырдан улам сел суулары турак жайларга жана айыл чарба жерлерине зыян келтирди.
Көптөгөн аймактарда жолдор, көпүрөлөр бузулуп, имараттардын чатырлары урап түшкөн.
Белужистан провинциясынын ар кайсы аймактарында жамгырдан улам болгон окуяларда кеминде 10 киши жараланды.
Провинциянын Чаман шаарында селден улам темир жол линиясы бузулган.
Пакистан менен Ирандын ортосундагы темир жол байланышы Ношки шаарында үзүлдү.
Синд провинциясынын Суккур шаарында жамгырдан улам көптөгөн аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Пакистандын Метеорология башкармалыгы нөшөрлөгөн жамгырдын эртеңге чейин өлкө боюнча улана турганын эскертти.