Хамас жарандарды коргоого чакырды
Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Баскынчы Израилдин мыйзам бузуулары Вашингтон жана Батыштын борборлорунун колдоосу менен уланып, экстремисттик өкмөткө геноцидди улантуу үчүн калканч болуп жатат»,-деп айтылды.
Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы ХАМАС эл аралык коомчулукту жана Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) «палестиналык жарандарды коргоого жана Израилдин палестиналык жарандарга кылган ырайымсыз кылмыштарын токтотууга» чакырды.
Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Баскынчы Израилдин мыйзам бузуулары Вашингтон жана Батыштын борборлорунун колдоосу менен уланып, экстремисттик өкмөткө геноцидди улантуу үчүн калканч болуп жатат»,-деп айтылды.
Өзгөчө түндүк жана түштүк аймактардан жүз миңдеген киши баш калкалаган Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрүндө Израилдин куралсыз жарандарды бутага алууну улантканы белгиленди.
Билдирүүдө Израилдин жамааттык жазалоонун жана этникалык тазалоонун эң жийиркеничтүү формаларынын бири катары карапайым калкты 10 айдан бери түздөн-түз жана атайылап бутага алууну улантканына көңүл бурулуп, эл аралык коомчулук менен БУУга «унчукпоону токтотууга, палестиналык жарандарды коргоо жоопкерчилигин алууга, Израилдин жарандарга кылган ырайымсыз кылмыштарын токтотууга жана аларды бул кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга аракет кылып иштөөгө» чакырышты.
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.