Пезешкиан : "Өлкө оор шарттар астында"
Ирандын президенти Месуд Пезешкиан өлкөсүнүн экономикалык жактан оор шарттар астында экендигин жна клактын ыраазы эмес экенин айтты.
Ирандын президенти Месуд Пезешкиан өлкөсүнүн экономикалык жактан оор шарттар астында экендигин жана калктын ыраазы эмес экенин айтты.
Пезешкиан кабинетине сунуш кылган 19 министр талапкеринин квалификациясы карала турган калкка ачык парламент жыйындарынын ачылышында сөз сүйлөдү.
Өкмөтүнүн элдин укуктарын коргой турганына убада кылган Пезешкиан : «Өлкө оор шарттарда, эл кыйын экономикалык абалда. Экономикалык, социалдык, экологиялык, билим берүү жана маданият тармактарындагы адилетсиздик жана дисгармония бүт нерсеге таасирин тийгизүүдө",- деди.
Сөзүндө адилеттүүлүк маселесине басым жасаган Пезешкиан : "Өкмөттүн милдети адилеттүү иш кылуу, башкача айтканда калкты ыраазы кылуу. Бул биздин чын жүрөктөн ишенген принцибибиз. Эч бир дин, эч бир ишеним, эч бир имам, эч бир пайгамбар эч бир адам үчүн адилеттүүлүктүн чегинен чыкпады. Динчил болуп болбогону, түрк, фарс, араб, чет элдик же жергиликтүү болуп болбошу маанилүү эмес. Бардык күрөш адилеттик менен байланыштуу",- деди.
Эски ыкмалар менен маселени чечүүнүн мүмкүн эмес экендигин белгилеген Пезешкиан : «Бардык маселебиз калк бизден ыраазы болушу керек, бирок бүгүн бул калк бизден ыраазы эмес. Бул Американын же чет элдиктердин эмес, биздин күнөөбүз», -деди.
Тектеш кабарлар
Израилдин Бейрутка жаңы аба чабуулу
Бейруттун Дахие району дагы бир жолу израилдик абадан сокку урууга учурады.