Хизбуллах Израиль буталарына чабуул жасады
Штабдагы аскер жана офицерлердин арасында да жаралангандардын болгону белгиленди.
Ливандагы Хизбуллах Израилдин түндүгүндөгү аскердик буталарга чабуул жасады.
Хизбуллахтан берилген маалыматта Израилдин түндүгүндө "Равийе" казармасындагы 188 - бронетранспорттук бригаданын штабынын камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынганы, штабдагы аскер жана офицерлердин арасында да жаралангандардын болгону белгиленди.
Башка бир билдирүүдө оккупациядагы Голан дөңсөөлөрүндө Ез - Загурада Израиль армиясына таандык артиллериялык позициялардын ракеталар менен ошондой эле түндүктөгү Ел - Мытылли аймагында да Израиль аскерлери колдонгон бир имараттын ылайыктуу куралдар менен бутага алынгандыгы айтылды.
Хизбуллах буга чейин берген билдирүүсүндө Израиль армиясынын 2023 - жыл 8 - октябрдан бери Ливандын түштүгүнө жасаган абадан кол салууларында каза болгон Хизбуллах мүчөлөрүнүн саны 412ге жеткендигин билдирген.