Газада полиомиелит оорусу байкалды
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ Газада полиомиелиттин биринчи учуру катталганын жарыялады.
Израиль 7 - октябрдан бери чабуулдарын улантып жаткан Газа тилкесинде полиомиелит оорусу байкалды.
Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ Газада полиомиелиттин биринчи учуру катталганын жарыялады.
Маалыматта : «Газа тилкесиндеги оор санитардык шарттардан, жугуштуу оорулардын жайылышынан, көчөдө жана жер которгон адамдардын чатырларынын ортосундагы саркынды суулардын агымынан, жеке гигиеналык материалдардын жана ичүүчү суунун жетишсиздигинен жана полиомиелит оорусуна дал келген симптомдордон улам полиомиелит вирусу бар экени лабораториялык жактан тастыкталды», — деп билдирилди.
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Газада 10 дашка чейинки 640 миңден ашуун баланы эмдөө ишинин баштатылгандыгын жарыялады.
Гутерреш : "Газанын саламаттыкты сактоо, суу жана санитардык системалары толугу менен талкаланды. Ооруканалар жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү мекемелеринин көбү иштебейт. Күнүмдүк эмдөөлөр чыр-чатактардан улам үзгүлтүккө учурап, кызамык, гепатит А жана башка алдын ала турган оорулардын жайылышы күчөдү. Биз полиомиелитке каршы натыйжалуу эмдөө кампаниясын кантип башкаруу керектигин билебиз. Газадагы жалпы кыйроону эске алганда, полиомиелиттин жайылышын алдын алуу жана анын пайда болушун азайтуу үчүн эки айлампалуу кампаниянын ар бир айлампасында кеминде 95 пайыздык эмдөө катнашы керек болот", - деди
Тектеш кабарлар
Шольц Түркияга келет
Шольцтун 19-октябрда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганы айтылды.