Нигерияда бул жылы 39 кишиде М чечеги вирусу аныкталды

Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) директору Жиде Идрис өлкөдөгү M чечеги  вирусуна байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.

2176219
Нигерияда бул жылы  39 кишиде М чечеги вирусу аныкталды

Африканын  калкы эң көп өлкөсү болгон Нигерияда быйыл 39 кишиде  M чечеги вирусу (mpox) аныкталды.

Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) директору Жиде Идрис өлкөдөгү M чечеги  вирусуна байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.

Идрис жылдын башынан бери өлкөнүн ар кайсы штаттарында 39 M чечеги  учурунун аныкталгандыгын айтты.

Өлкөдө бул вирустан улам кишилердин каза болбогонун белгилеген Идрис, Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун М чечеги вирусуна каршы иш-аракеттерди координациялоону улантып жатканын айтты.

Идрис, Нигерия Ооруларды көзөмөлдөө борборунун коркунучу жогору  болгон топтор үчүн эмдөөнү карап жатканын белгилеп :  «Нигерия 10 миң доза Jynneos вакцинасын алууну күтүүдө»,-деди. 

Нигерия өкмөтү М чечеги  оорусунун жайылышын алдын алуу максатында эл аралык жүргүнчүлөр үчүн саламаттыкты сактоо декларациясы формуну даярдаган.

Африка Биримдиги, Африка өлкөлөрүндө ылдам жайылган М чечеги вирусуна каршы континент боюнча коомдун саламаттыктыгы үчүн өзгөчө кырдаал жарыялаган. 

 

 



Тектеш кабарлар