Жаңы Калкедонияда каза болгондордун саны 11ге жетти

Франциянын Жаңы Каледония колониясында коопсуздук күчтөрү менен көз карандысыздыкты жактагандардын ортосунда чыккан окуяларда каза болгондордун саны 11ге жетти.

2176015
Жаңы Калкедонияда  каза болгондордун саны 11ге жетти

Франциянын Жаңы Каледония колониясында коопсуздук күчтөрү менен көз карандысыздыкты жактагандардын ортосунда чыккан окуяларда каза болгондордун саны 11ге жетти.

Француз басма сөзүнүн Нумеа прокуратурасына таянган кабарына караганда Жаңы Каледониянын чыгышындагы Тио көпүрөсүндө коопсуздук күчтөрүнүн эгемендүүлүк тарапкерлерине кийлигишүүсүнүн натыйжасында бир киши каза болду.

Прокурор Ив Дупастын жандармериянын  өзүнө атылган окко жооп бергендигин жана  окуяда  эки көз карандысыздык тарапкери жараат алгандыгын билдирди.  Башынан жаракат алган бир кишинин  ооруканага алып барып жаткнада каза болгондугу маалымдалды.  Ушундайча аралдагы  зомбулук окуяларынан каза болгондордун саны 11ге жетти.

Прокуратура бул окуя боюнча үч тергөө ишин козгоду, алардын бири "күч органдары тарабынан өлүмгө алып келген атайын зомбулуктун мүнөзү" боюнча жана экөө "коопсуздук күчтөрүнө карата зомбулук" боюнча.

Жаңы Калкедонияда француз өкмөтүнүн жергиликтүү калктын күчүн сындырууга себеп боло турган конституциялык реформа демилгесине каршы чыккан көз карандысыздыкты  жактоочулар 13 - майдан тарта кыймылга киришти.

Француз өкмөтү аралдын ар кайсы жерлеринде, өзгөчө борбор шаар Нумеада кыймылга барган көз карандысыздыкты жактоочуларды басуу үчүн аймакка полиция жана жандармерия жиберип өзгөчө абал жарыялаган.

Аралдагы француз шайлоочулардын санын арттыра турган конституциялык реформанын ишке кириши үчүн француз парламентинин эки канаты чогулган Конгрессте кабыл алынышы керек. 

Чыккан окуялардан кийин президент Эммануэль Макрон талаштуу реформа демилгеси токтотулганын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар