Папа Газа тууралуу чакырык салды

Папа дубадан кийин сүйлөгөн сөзүндө Украинаны, Жакынкы Чыгышты, Палестинанын, Израилдиғ Суданды жана Мьянманы ойлогондугун айтты.

2176022
Папа Газа тууралуу чакырык салды

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын мамлекет башчысы  Папа Франциск кол салуулар уланып жаткан Газада кагылышуунун күчөшүнө жол бербөө жана ок атышпоо үчүн сүйлөшүү жолуна түшүү үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырды.

Папа Франциск жыл сайын 15 - августта католиктер  белгилеген Азырети  Мариямдын көккө көтөрүлүү  майрамына карата  Ватикандагы Ыйык Петр аянтына караган кеңсесинин терезесинен салтуу дубасын окуду.

Папа дубадан кийин сүйлөгөн сөзүндө Украинаны, Жакынкы Чыгышты, Палестинанын, Израилдиғ Суданды жана Мьянманы ойлогондугун айтты. 

Жакынкы Чыгыштагы абалдарга өзүнчө токтолгон папа : "Газадагы адамзаттык аьалды тынчсыздануу менен изилдеп жатам. Дагы бир жолу бардык фроттордогу ок атышуулардын токтошун, барымталардын бошотулушун, чарчаган элге жардам берилишин талап кыламын. Баары кагылышуулардын күчөбөшү үчүн  бардык аракетти кылышы керек. Бул трагедиянын эртерээк акырына чыгышы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү колдоймун. Согуштун бир жеңилүү экенин унутпайлы",- деди. 

 



Тектеш кабарлар