Москва Киевден туткундарды алмашууну талап кылды

Украин парламентинин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец бул сүйлөшүүлөргө орус тараптан Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькованын катышканын билдирди.

2175946
Москва Киевден туткундарды алмашууну талап кылды

Москва Киевден Курск облусунда туткунга алынган орус аскерлерин алмашууну талап кылды.

Украин парламентинин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец бул сүйлөшүүлөргө орус тараптан Орусиянын адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькованын катышканын билдирди. Лубинец орус туткундарынын абалы тууралуу Эл аралык Кызыл Крест комитети менен БУУга маалымат бергенин кабарлады.

Financial Times гезити да Москва менен Киевдин ортосунда туткундарды алмашуу максатында сүйлөшүү процесси башталганы тууралуу кабарды Украинанын аскердик чалгындоосуна шилтеме кылып жазды. Financial Times Курск облусунда жүздөгөн орус аскерлери туткунга алынган болушу мүмкүн деп билдирсе, Independent гезити украиналык жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин билдирүүлөрүнө таянып орус туткундарынын саны 2 миңге жакындаганын жазды.



Тектеш кабарлар