Харрис менен Байдендин Жакынкы Чыгыш тууралуу жыйыны
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден жана вице - президент Камала Харрис улуттук коопсуздук тобу менен Жакынкы Чыгыштагы акыркы абалга баа беришти.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден жана вице - президент Камала Харрис улуттук коопсуздук тобу менен Жакынкы Чыгыштагы акыркы абалга баа беришти.
Ак үйдөн жасалган билдирүүдө Байден менен Харристин өзгөчө учурларда чогулган «Кырдаал бөлмөсүндө» улуттук коопсуздук тобу менен жолугушкандыгы билдирилди.
Билдирүүдө Жакынкы Чыгышта акыркы учурларда күч алган чыңалуу сөз болгон жыйында эң көп Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийеге карата кол салуудан кийин Израиль менен Ирандын ортосунда күч алган чыңалуу жана Ирандын Израилге карата ыктымалдуу жооп кайтаруусуну каралгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө улуттук коопсуздук тобунун Байден менен Харриске «Ирандан келип чыккан Израилге каршы коркутуулар» тууралуу маалымат бергени жана жолугушууда АКШнын Израилдин коргонуусун колдоо боюнча аскердик аракеттеринин кеңири талкууланганы белгиленди.
Улуттук коопсуздук тобунун : "Ирандан келип чыккан Израилге карата коркутууларга" байланыштуу Байден менен Харриске маалымат бергендиги билдирилген маалыматта жолугушууда АКШнын Израилдин коргонуусун колдоого карата аскердик аракеттеринин кенен түрдө сүйлөшүлгөндүгү белгиленди.
Билдирүүдө жыйында өзгөчө аймактык чыңалуунун түшүрүлүшү жана Газада ыктымалдуу ок атышууну токтотуу процессинен жыйынтык чыгаруу үчүн улантылган дипломатиялык аракеттердин да каралгандыгы баса белгиленди.
Байден 5 - августта да Жакынкы Чыгыштагы акыркы абалды улуттук коопсуздук боюнча командасын чогултуп, Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалга баа берди. Харрис да катышкан жолугушуунун негизги темалары аймакта күчөгөн чыңалуу жана Ирактагы Аль Асад аскердик базасына кол салуу болду.
Израилдин Ливандын борбору Бейрутта Хизбуллахтын жогорку даражалуу командири Фуад Шүкүргө абадан кол салуусу жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийенин Ирандын борбору Тегеранда өлтүрүлүшүнөн кийин Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөдү.
Ханийе кол салуусунан Израилди жооптуу деп эсептеген Иран жана Ливан Хизбуллахынан Тель - Авивге жооп кайтара туруунун болору билдирилген.