Афганистан менен Пакистандын ортосундагы чек ара капкасы ачылды
Афганистан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуудан кийин жабылган маанилүү өткөрүү пункттарынын бири болгон Торхам чек ара капкасы кайрадан ачылды.
Афганистан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуудан кийин жабылган маанилүү өткөрүү пункттарынын бири болгон Торхам чек ара капкасы кайрадан ачылды.
TOLO News телеканалына маек берген Нангархар полиция департаментинин катчысы Абдулбасир Забали Афганистан менен Пакистандын жетекчилеринин жолугушууларынын оң өткөндүгүн жана Торхам чек ара капкасынын эртең менен жүргүнчүлөргө жана транзиттик өтмөктөр үчүн ачылганын айтты.
Афганистан жана Пакистан коопсуздук күчтөрүнүн арасында 13 - августта сөз болгон чек ара капкасы аймагында чек ара тууралуу келишпестигинен чыккан куралдуу кагылышуу болгон жана андан кийин чек ара капкасы жабылган.
Афганистандын Нангархар аймагындагы Торхам чек ара капкасы Кандахар аймагындагы Спин Болдак чек ара капкасы менен эки өлкөнүн ортосундагы өтмөктөрдүн эл көп болгон өтмөк.
Эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда чек арада кээ кээде куралдуу кагылышуу жана өлүмгө алып келген чыңалуулар болууда.
Бул кагылышуулардан кийин чек ара капкаларында болгон терстиктер өзгөчө деңиз жээги жок Афганистанга экономикалык жактан терс таасирин тийгизүүдө.
Акыркы кагылышууда Афганистан башкаруусу пакистандык күчтөрдүн биринчи болуп ок аткандыгын белгилеп, 3 Афганистан жаранынын алардын ичинен эки бала жана 1 аялдын каза болгонун билдирген.
Азыркы учурдагы Афганистан башкаруусу жана афган өкмөттөрү эки өлкөнүн чек арасын белгилей турган Дуранд линиясын расмий чек ара катары кабыл алган жок.
Тектеш кабарлар
Япониянын улгайган калкынын санында өсүш
100 жаштан ашкандардын саны катары менен 54 жыл бою өсүп жатат.