Украин армиясы Курскта илгерилеп баратат

Зеленский Орусиянын Курск аймагындагы операция тууралуу маалымат алганын айтты.

2175536
Украин армиясы Курскта илгерилеп баратат

Украинанын президенти Владимир Зеленский күндүн башынан бери Орусиянын Курск аймагында ар кайсы жерлерде 1-2 километрге жылгандарын билдирди.

Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Башкы штабдын башчысы Александр Сирскийден видеоконференция аркылуу фронттун маанилүү аймактарындагы, өзгөчө Торецк жана Покровск шаарларындагы абал жана Орусиянын Курск аймагындагы операция тууралуу маалымат алганын айтты.

Курск аймагында алдыга жылууну уланткандарын белгилеген Зеленский: «Күндүн башынан бери ар кайсы жерде 1-2 километрге илгериледик. Ошол эле мезгилде 100дөн ашуун орус аскери туткунга алынды»,-деди.

Зеленский Украинанын чыгышындагы абалды бир саамга болсо да унутпаганын айтып, өнөктөштөрү тарабынан берилген жардам пакеттери менен аймактын күчтөндүрүлүшүнө буйрук бергенин маалымдады.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн зениттик-ракеталык күчтөрү бүгүн түнү аскердик тапшырма учурунда Орусиянын Курск аймагында орусиялык Су-34 бомбалоочу учагын жок кылганы кабарланды.



Тектеш кабарлар