Түштүк Корея-АКШ биргелешкен аскердик машыгуу
Почеон шаарында 9-августта башталган машыгуунун 15-августка чейин улана турганы белгиленди.
Түштүк Корея менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы Түндүк Корея чек арасына жакын жерде чыныгы ок-дарылар менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү.
Түштүк Корея армиясынын билдирүүсүндө, эки Кореяны байланыштырган аскерден тазаланган аймактын 30 километр түштүгүндөгү Почеон шаарында 9-августта башталган машыгуунун 15-августка чейин улана турганы белгиленди.
Эки өлкөнүн биргелешкен операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана чыныгы ок-дарыларды колдонууга багытталган машыгууга болжол менен 320 аскер катышты.
Машыгууда АКШнын Apache тик учактары да колдонулду.
Тектеш кабарлар
Австралия Израилге чакырык салды
Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.
Грецияда таксичилер бир күндүк иш таштоого чыгышты
Таксичилер профсоюзунун чакыруусу менен болгон иш таштоо Афинада кечээ эрте менен башталды.