Таиланд Конституциялык соту премьер - министрди кызматтан алды
Таиланддын Конституциялык соту премьер - министр Сретта Тхависинди "министрлер кабинетин түзүүдө этикалык эрежелерин бузду" деген негиз менен кызматтан алуу чечимин чыгарды.
Таиланддын Конституциялык соту премьер - министр Сретта Тхависинди "министрлер кабинетин түзүүдө этикалык эрежелерин бузду" деген негиз менен кызматтан алуу чечимин чыгарды.
Конституциялык сот өкмөт мүчөлөрүнүн бири Пичит Чуенбанды «мыйзамсыз түрдө дайындаган» деген негиз менен кызматтан алынышы талап кылынган премьер-министр Тависинге байланыштуу чечимин жарыялады.
Сот Тависинди “министрлер кабинетин түзүүдө этикалык эрежелерди бузду” деген негиз менен кызматтан алуу чечимин 4 добушка каршы 5 добуш менен колдоду.
Чечимге ылайык, парламент жаңы премьер-министрди бекиткенге чейин азыркы министрлер кабинети өз милдетин улантат.
23 - майда Таиланддын Конституциялык соту өлкөнүн 40 сенаторунун кол коюсу менен премьер-министр Сретта Тхависинди кызматтан алуу арызын кабыл алган.
Тайланддын мурдагы премьер - министрлеринен Таксин Шинаватранын адвокаты сыпаты менен жер участогун сатып алуу доосун караган сотко 2 миллион Таиланд бахты пара берүүгө аракет кылды деген негиз менен 2008 - жылы алты ай абакта жаткан Чуенбан 2024 - жылы апрель айынын акырындагы дайындоо менен кабинет мүчөсү болгон.
Дайындоогго каршы чыккан 40 сенатор «соттолгон кылмышкер» болгон Чуенбандын министр болуу үчүн жетерсиз экендиги премьер - министр Тхависин тарабынан билиниши керектигин ортого салган жана «мыйзамсыз дайындоо» деген негиз менен премьер - министрдин кызматтан алынышын талап кылган арызды Конституциялык сотко берген.
Чуенбан талаш - тартыштардан улам 21 - майда кызматынан кеткен.