Россиянын Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Облус губернатору Вячеслав Гладков мындай чечим тургундардын коопсуздугу жана кол салуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында кабыл алынгандыгын билдирди.

2175554
Россиянын Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарынан улам Россиянын Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Облус губернатору Вячеслав Гладков мындай чечим тургундардын коопсуздугу жана кол салуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында кабыл алынгандыгын билдирди.

Гладков : «Украина армиясынын күн сайын кайталанган чабуулдарынан, талкаланган үйлөрдөн, жарадар болгон жана жарандардын өлүмүнөн улам Белгороддун тургундарынын коопсуздугун жогорулатуу максатында, аймак жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бүгүнтөн тарта аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялап жатабыз. Буга пареллель катары федералдык деңгээлде өзгөчө кырдаалдын жарыяланышы үчүн өкмөттүн тийиштүү комиссиясына кайрылабыз»,- деди. Аймакта абалдын чыңалууну улантканын айткан Гладков террор менен күрөшүү режиминин 9 - августтан бери ишке ашырылып жатканын билдирди. Губернатор куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын чабуулдары өзгөчө калктын 50-70%ы таштап  кеткен Шебекино шаарында көп экендигин кошумчалады.

Гладков бүгүн эртең менен аймакта учкучсуз учуучу аппараттарынын эки жерге кол салганын, Шебекинодо бир батирдин өрттөнгөнүн жана жаратылыш газ түтүгүнүн жабыркаганын айтты.

 



Тектеш кабарлар