Нигериядагы жол кырсыгы: 16 адам каза болду
Кырсыкта 16 кишинин каза болгону, 17 кишинин оор жаракат алганы айтылды.
Батыш Африка өлкөсү Нигерияда бир жүк ташуучу унаа, бир жүргүнчү ташыган автобус жана эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгында 16 адам каза болду.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Ойо облусунун борбору Ибадан шаарында айдоочусу рулду башкара албай калган жүк ташуучу унаа Ожо-Иво жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус менен 2 унааны сүзгөн.
Улуттук Жол коопсуздугу боюнча Ойо мамлекеттик кеңсесинин билдирүүсүндө, 16 кишинин каза болгону, 17 кишинин оор жаракат алганы айтылды.
Билдирүүдө жаракат алгандардын айланадагы ооруканаларга жеткирилгени, каза болгондордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу кооптонуулар бар экени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Кассам бригадалары израилдик аскерлерди бутага алышты
Израиль аскерлеринин арасында каза тапкандардын жана жаралангандардын бар экени кабарланды.