Израилде жашылча жана мөмө - жемиш баалары көтөрүлдү
Израиль Дыйкандар кеңешинин мүчөсү Ибрахим Маваси Газанын өндүрүүчү статусунан керектөөчү статусуна өтүшүн өлкөдө жашылча жана мөмө-жемиш баасынын жогорулашынын факторлорунун бири катары көрсөттү.
Түркиянын Израиль менен соодасын токтотуу чечиминен кийин Тель-Авив башкаруусунун айыл чарба продукцияларын импорттогон Иорданияда холера оорусу аныкталып, Израилде жашылча - жемиш баасында кескин өсүш болгону белгиленди.
Түркиянын май айында Израиль менен соодасын токтотуу чечиминен кийин Иорданиядан импорттолгон айыл чарба азыктарында холера оорусунун аныкталышы жана импорттун токтошу менен Израилде жашылча-жемиш баалары көтөрүлдү.
Израиль Дыйкандар кеңешинин мүчөсү Ибрахим Маваси Газанын өндүрүүчү статусунан керектөөчү статусуна өтүшүн өлкөдө жашылча жана мөмө-жемиш баасынын жогорулашынын факторлорунун бири катары көрсөттү.
Айыл чарбасында чыгымдардын өсүшүнөн улам жергиликтүү өндүрүштүн азайганына көңүл бурган Маваси бир тонна помидор өндүрүүнүн чыгымынын болжол менен 885 долларга жеткенин, ошондуктан продукциянын керектөөчүгө кымбат баада жеткенин белгиледи.
Түркия Израилдин Газада жасаган кыргындарына жооп иретинде 3-майда Тель-Авив менен бардык соода-сатык иштерин токтотуу чечимин чыгарган.