Францияда эки учак абада кагылышты
Француз маалымат каражаттары кабарлагандай, эки Рафале истребитель учагы Коломбей-лес-Беллес шаарына жакын жерде күн ортосунда абада кагылышып, кулап түштү.
Франциянын Мерте-э-Мозель провинциясында эки аскердик учак абада кагылышты.
Француз маалымат каражаттары кабарлагандай, эки Рафале истребитель учагы Коломбей-лес-Беллес шаарына жакын жерде күн ортосунда абада кагылышып, кулап түштү.
Науте - Марнедегт Саинт - Дизер аба базасындагы Рафале флотуна танадык экендиги билдирилген учактардын бирөөсүн колдонгон учкучтун прашют менен секиргендиги, экинчи учактагы инструктор менен окуучу учкучту издөө иштеринин улантылып жаткандыгы жарыяланды.
Мерте-эт-Мозель губернаторлугунун билдирүүсүндө, аскердик учактар кагылышкан кырсыктан кийин операция борборунун кыймылга келтирилгени жана издөө-куткаруу иштеринин аскердик күчтөрдүн колдоосу менен башталганы белгиленди. Издөө-куткаруу иштерине катышкандардын арасында жандармерия жана өрт өчүрүү кызматтары да бар.
Губернатордун билдирүүсүндө кырсыкта каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Аскердик жетекчилер кырсыктын себептерин иликтешүүдө.