Анкарада Пакистандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган азем
Элчиликте өткөрүлгөн аземге Пакистандын Анкарадагы элчиси Юсуф Жүнейд жана көп сандаган конок катышты.
Пакистандын Анкарадагы элчилигинин кожоюндугунда Пакистандын 78-Эгемендүүлүк күнүнөн улам туу көтөрүү аземи өткөрүлдү.
Элчиликте өткөрүлгөн аземге Пакистандын Анкарадагы элчиси Юсуф Жүнейд жана көп сандаган конок катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн Жүнейд өлкөсүнүн эгемендүүлүккө карай узак, татаал жана жан аябастык жолун басып өткөндүгүн баса белгилеп: «Биз аны коргошубуз, өнүктүрүшүбүз, гүлдөгөн улут кылышыбыз керек. Өлкө өнүккөндө биз өнүгөбүз, биз өнүккөндө өлкө өнүгөт. Б.а бул циклдин бир түрү жана ал гүлдөп-өсүүнүн эч качан бүтпөс цикли болот»,- деди.
Кашмир калкы башынан өткөргөн абалга көңүл бурган Жүнейд: «Биз алардын үнү болушубуз керек, болуудабыз жана болууну улантабыз»,-деп билдирди.
Пакистандын көз карандысыздыгы тууралуу сөз болгондо көзүндө өзгөрбөгөн дагы бир элементтин Түркия менен Пакистандын ортосундагы байланыштар экенин белгилеген Жүнейд, президент Режеп Таййип Эрдогандын «Пакистандын чыныгы досу» экенин айтты.
Жүнейд өлкөсүндөгү апааттарда көрсөткөн жардамы жана өзгөчө эл аралык аренада Кашмирди коргогон жалгыз үн болгону үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдирди.
Аземге катышкан Түркияда жашаган пакистандыктарга кайрылып, Түркиянын өнүгүшүндө ролун улантуусуна чоң үмүт арткандарын айтты.
Аземде Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин Эгемендүүлүк күнүнө карата жиберген кайрылуусу окулду.
Курани Карим окулуп, дуба кылынган аземден кийин конокторго Пакистандын улуттук тамактары тартууланды.