Африкада mpox үчүн өзгөчө кырдаал

Африка Биримдигинин Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (Africa CDC) башкы директору Жан Касея, М чечек эпидемиясына байланыштуу билдирүү жасады.

2175539
Африкада mpox үчүн өзгөчө кырдаал

Африка өлкөлөрүндө тездик менен жайылып жаткан М-pox (mpox) вирусуна каршы бүткүл континентте коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Африка Биримдигинин Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (Africa CDC) башкы директору Жан Касея, М чечек эпидемиясына байланыштуу билдирүү жасады.

Касея: «М-рохту континенталдык коопсуздуктун коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал деп жарыялоо өзүм билемдик эмес, бул жоопкерчилик», - деди.

Африкадагы өкмөттөрдү M-pox оорусунун жайылышынын алдын алуу үчүн Африканын CDC менен иштөөгө чакырган Касея эпидемияга каршы континентке вакциналарды алып келүүгө убада берди. Касея оорулардын жана өлүмдөрдүн саны боюнча жума сайын жыйналыштар өткөрүлө турганын билдирди.

Africa CDC тарабынан 9-августта жарыяланган отчетко ылайык, январдан 8-августка чейин Африканын 13 өлкөсүндө 2,822 адам вирусту жуктуруп алган жана 14,719 шектүү учур катталган.

Вирустун кесепетинен 517 адам каза болуп, анын 511и Конго Демократиялык Республикасында (КДР) болгон.

М чечектин вирусу чычкан жана тыйын чычкан сыяктуу кемирүүчүлөрдөн же оорулуу адамдардан жугат.

Вирус көбүнчө жогорку температураны, башты, белди жана булчуңдарды оорутууну, лимфа бездери шишип, чарчоону, чыйрыгууну жана суу чечекке окшош териде ыйлаакчаларды пайда кылат.

Конкреттүү дарылоо ыкмасы жок ооруну вируска каршы дарылар менен дарылайт. Көпчүлүк учурларда оорунун жеңил түрү бар жана бир нече жуманын ичинде айыгат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) расизм жана дискриминациядан улам 2022-жылы «маймыл чечек» деп аталышын «mpox» деп өзгөрткөн.



Тектеш кабарлар