Түштүк Кореяда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттиги (KDCA) өлкөдө Covid-19 учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу чара көрүүдө.

2174802
Түштүк Кореяда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Түштүк Кореяда жай айларында көбөйгөн коронавирус (Ковид-19) учурларынан кийинки чаралар күчөтүлөт.

Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттиги (KDCA) өлкөдө Covid-19 учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу чара көрүүдө.

Ооруну көзөмөлдөө чараларын күчөтө тургандарын билдирген жетекчилер; кырдаалга мониторинг жүргүзүү, инфекцияларды анализдөө, дарылоо жана башка медициналык буюмдарды башкарууну жакшыртуу максатында чара көрүү тобун кеңейте тургандыктарын маалымдашты.

Түштүк Кореяда Ковид-19дан улам ооруканага түшкөндөрдүн саны август айынын биринчи жумасында 861ге жетип, 4 жумада 6 эсеге өскөндүгү кабарланган.

Жетекчилер 65 жаштан жогорку адамдарды Ковид-19га каршы эмдөө процессинин октябрь айында улана турганын билдиришкен.



Тектеш кабарлар