Иран колдогон хуситтер жаңы кабинет түзүлгөнүн жарыялады
Хуситтер Ахмед Галиб ал-Рахвинин жетекчилигинде 22 министрден турган жаңы өкмөттүн түзүлгөнүн жарыялады.

Йеменде Иран колдогон хуситтер жаңы кабинет түзүлгөнүн жарыялады.
Хуситтер Ахмед Галиб ал-Рахвинин жетекчилигинде 22 министрден турган жаңы өкмөттүн түзүлгөнүн жарыялады.
Хуситтердин SABA маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, хуситтердин Жогорку саясий кеңешинин төрагасы Махди ал-Машат премьер-министр деп аталган Абдулазиз Хабтурдун ордуна Ахмед Галиб ал-Рахвиге «өзгөртүү жана курулуш өкмөтүн» түзүүнү тапшырды.
Кабарда «азыркы шарттарга жана улуттук жогорку таламдарга ылайык» жаңы өкмөттү түзүү чечими кабыл алынганы жана жаңы кабинеттин 22 кишиден турганы белгиленди.
Йеменде Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлдөп турушат.
Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери хуситтерге каршы Йемен өкмөтүн колдоодо.