Беш өлкө Газа тууралуу чакырык салды

АКШ, Британия, Франция, Германия жана Италия : «Жогото турган көп убактыбыз жок, бардык тараптар жоопкерчилигин орундатышы керек»,- деген чакыруу салды.

2174797
Беш өлкө Газа тууралуу чакырык салды

Газа тилкесинде эртеээк ок атышпоонун түзүлүшү үчүн биргелешке билдирүү жарыялаган АКШ, Британия, Франция, Германия жана Италия : «Жогото турган көп убактыбыз жок, бардык тараптар жоопкерчилигин орундатышы керек»,- деген чакыруу салды.

АКШ, Бринатя, Франция, Германия жана Италия бирлешекен билдирүү жарыялап, Жакынкы Чыгышта чыңалуунун азайтылышы жана Газада эртерээк ок атышпоонун түзүлүшүн талап кылышты.

Жакынкы Чыгышта чыңалуунун азайышына жана Газада ок атышпоонун түзүлүшүнө толук колдоо берилгендиги баса белгиленген билдирүүдө булар айтылды : «АКШнын президенти Жо Байден, Египеттин президенти Сиси жана Катардын эмири Шейх Темимдин мүмкүн болушунача кыска убакытта ок атышпоо келишиминин акырына чыгышы үчүн сүйлөшүүлөрдүн бул жумада кайрадан башталышына карата чакыруусуна колдоо беребиз жана жогото турган убакыттын калбагандыгын баса белгилейбиз. Бардык тараптар жоопкерчиликтерин орундатышы керек».

Билдирүүдө Израилдин Иранга каршы өзүн - өзү коргоосуна бардык колдоонун улана тургандыгы айтылып :  «Иранды Израилге аскердик кол салуу коркунучун токтотууга чакырабыз»,-деп баа берилди.  Ошондой эле мындай кол салуунун аймактык коопсуздук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келери баса белгиленди.

Газада ок атышпоо үчүн чакыруу салган АКШ башкаруусу өткөн аптада Израилге  3,5 миллиард долларлык аскердик жардамды бекитип, бул кадамга АКШ ичинде жана эл аралык коомчулукта каршы чыгуу болгон.

Израиль армиясы  10 – августта Газа тилкесиндеги Дераж мааласында миңдеген жаран баш калкаган Ет  -  Табиин мектебинде палестиналыктарбагымдат намазы үчүн короодо чогулган учурда абадан кол салган жана кеминде  100 палестиналык каза болгон.

Израилдин Газа тилкесине  7 -  октябрдан бери жасап келе жаткан кол салууларында жалпы  каза болгондордун саны  40 миңге жакындады.

 



Тектеш кабарлар