Угандадагы жер көчкүдө каза болгондордун саны өсүүдө

Бул тууралуу Уганда Кызыл Крестинин басма сөз катчысы Ирен Накасита маалымат берди.

2174125
Угандадагы жер көчкүдө каза болгондордун саны өсүүдө

Уганданын борбор шаары Кампалада нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон жер көчкүдө таштанды чогултуучу аянттын кулашынын натыйжасында каза болгондордун саны 21ге жетти.

Кампала шаардык полициясынын басма сөз катчысы Патрик Онянго 9-августта катуу жааган жамгырдын натыйжасында жер көчкү түшкөн Китези аймагындагы таштанды чогултулган жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын билдирди.

Аймактагы урандыларда каза болгондордун саны 21ге жеткенин белгилеген Онянго, каза болгондордун санынын дагы көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Онянго: «Жергиликтүү бийликтер менен байланыштарыбыз уланууда. Өлгөндөрдүн санына байланыштуу ар кандай сандар келүүдө. Эң так санды Уганда Статистика Бюросунан алышыбыз мүмкүн. Бул үчүн жолугушууну дайындадык»,- деди.

Уганданын президенти Йовери Мусевени X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Эң биринчи ойго келген суроо: адамдарга мынчалык кооптуу массанын жанында жашоого ким уруксат берди?»-деп айтты.

Мусевени окуяны иликтөөнү тапшырган болчу.

Тик эңкейиште жайгашкан Китези таштанды чогултуучу аянтка таштандыларды аралагандар бат-баттан барары айтылат.



Тектеш кабарлар