Японияда «катуу жер титирөө» эскертүүсү уланууда
Бул тууралуу Жапон мамлекеттик телеканалы NHK телеканалынын кабарынан маалымат берилди.
2174048
Японияда 8-августта Миядзаки префектурасынын жээгинде болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн кийин берилген «чоң жер титирөө» эскертүүсү уланып жатканы маалымдалды.
Жапон мамлекеттик телеканалы NHK телеканалынын кабарына караганда Япониянын метеорология агенттигинин (JMA) жооптуулары өлкөнүн Тынч океан жээгинде боло турган «чоң жер титирөө» үчүн берилген эскертүүнүн жарактуу экенин жарыялашты.
Жер кыртышынын чыңалуусунда ушул убакка чейин эч кандай тартипсиз өзгөрүүлөр байкалбаганын белгилеген жооптуу кызматкерлер 29 провинциядагы 707 муниципалитетинен мүмкүн болгон кырсыкка даярдыгын текшерүүнү суранды.
Жооптуу кызматкерлер Нанкай жарыгында катуу жер титирөө ыктымалынын нормадан жогору экенине көңүл бурушту.