Жон Кирби Ак үйдө Газада ыктымалдуу ок атышпоо процессине байланыштуу акыркы абалга баа берди

Газада ок атышпоо тууралуу сүйлөшүү үчүн тараптардын 15 -  августта Катардын  борбор шаары Доха же Египеттин борбор шаары Каирде жолугушары билдирилди.

2173789
Жон Кирби Ак үйдө Газада ыктымалдуу ок атышпоо процессине байланыштуу акыркы абалга баа берди

Газада ок атышпоо тууралуу сүйлөшүү үчүн тараптардын 15 -  августта Катардын  борбор шаары Доха же Египеттин борбор шаары Каирде жолугушары билдирилди. 

АКШда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук байланыш боюнча кеңешчиси Жон Кирби телеконференция аркылуу өткөргөн пресс-брифингинде Газада ыктымалдуу ок атышпоо процессине байланыштуу акыркы абалга баа берди.

Кирби АКШ, Египет жана Катардын биргелешкен билдирүүсүнөн кийин тараптардын кыймылга киришкенин жана  кыска убакытта сүйлөшүү үчүн жолугушуу эркинин ортого чыкканын айтты.Ушунун негизинде  15 -  августта Доха же Каирде тараптардын жолугушуусу тууралуу макулдашылгандыгын баса белгиледи. 

Кирби сүйлөшүү жолугушууларына Израилдин бир делегация жиберерин билдиргендигин жана "Хамастын делегация жибереришинин" Катар тарабынан убада кылынгандыгын айтты. 

"Мунун абдан пайдалуу жыйынтыктарды ортого чыграт деп ойлойбуз. Бул эки тарапты бейшемби күнү жолугуштура турган пландарды буза турган эч нерсени каалабайбыз",- деген Кирби АКШнын да жыйында орун аларын, бир ок атышпоо келишиминин эртерээк түзүлүшү керектигин баса белгиледи. 

АКШ, Египет жана Катар жарыялаган биргелешкен билдирүүдө Израиль менен Хамаска Газада ок атышпоонун түзүлүшү жана туткундарды алмаштыруу үчүн  15 -  августта Каирде же Дохада сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоого чакырык салган. Биргелешкен билдирүүдө Түркия да болгон аймактагы бир нече өлкөдөн колдоо тууралуу билдирүү келген. 

 



Тектеш кабарлар