Россия Bild гезитине каршылык көрсөттү
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев "Немис танктары Россиянын аймагына кайтып келди" деген комментарий жазган Bild гезитине катуу каршылык көрсөттү.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев "Немис танктары Россиянын аймагына кайтып келди" деген комментарий жазган Bild гезитине катуу каршылык көрсөттү.
Медведев X эсебинен берген билдирүүсүндө Bild гезитинде жарыяланган комментарийге жооп кылып, Германиянын борбору Берлиндеги Федералдык Парламенттин (Рейхстаг) алдындагы аянтка эң мыкты орус танктарын жиберем деп коркутту.
Дмитрий Медведев : "Немис гезити Bild немис танктарынын Россиянын жерлерине кайтып келгендигин сыймыктануу менен жарыялаган макала жарыялады. Буга жооп кылып эң мыкты орус танктарын Platz d. Republikке алып баруу үчүн барын жасайбыз", - деди.
Бул макалада "Немис танктарынын Россиянын жерлерине кайтып баргандыгы" тууралуу комментарий жазып Украина армиясынын Курск облусунда Германияга таандык кеминде 3 "Мардет" тибиндеги бронетранспортер унаасын колдонгондугу белгиленген.