Камала Харрис Финиксте шайлоо митингин өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарында  Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Камала Харрис митингде ураан чакырган Палестина колдоочуларына  Газада ок атышпоо үчүн убакыттын келгенин айтты.

2173812

The Hill гезитинин маалыматына караганда, Харрис Аризона штатынын борбор шаары Финиксте өткөргөн митингде «Эркин Палестина» ураандарын чакырган Палестина колдоочуларына жооп берди.

Харрис : "Ачыкча айттым. Эми Оо атышпоо келишимин түзүүнүн жана туткундарды алмаштыруунун убактысы келди",- деди. 

АКШнын президенти Жо Байден жана өзүнүн ок атышпоо келишиминин түзүлүшү жана туткундардын кайтарылышы үчүн аракет кылып жатканын белгилеген Харрис, Палестина  колдоочуларынын пикирлерине сый көрсөткөндүгүн бирок митингдин шайлоо тууралуу экендигин белгиледи.

Израилдин  7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында көбү балдар жана аялдардан турган 39 миң 700 палестиналык каза болуп, 91 миң 700дөн ашуун киши жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип,  адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

Тектеш кабарлар