Израиль Газада бир мектепке кол салды

Израиль армиясы Газа шаарында жер которгон адамдар баш калкалаган мектепке кол салып,  кеминде 100 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

2173753
Израиль Газада бир мектепке кол салды

Израиль армиясы Газа шаарында жер которгон адамдар баш калкалаган мектепке кол салып,  кеминде 100 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль армиясы Газанын чыгышындагы Эд-Дерак районунда жер которгондор баш калкалаган Эт-Табиин мектебине кол салды.

Миңдеген киши  баш калкалаган мектепте баш калкалагандар багымдат намазын окуп жаткан учурда жасалган кол салууда   кеминде 100дөй киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Жергиликтүү булактар ​​кол салуудан улам сөөктөрдүн бөлүктөргө бөлүнүп, өрттүн кесепетинен күйүп кеткендигин белгилешти.

Израиль армиясы аба күчтөрүнүн  Хамас  штаб - квартира катары колдонгон Табиин мектебин бомбалаганын жарыялады.

Ошол эле учурда Газадагы өкмөттүн Медиа кеңсесинен Газа тилкесинде өлтүрүлгөн журналисттер тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүдө Палестина телекөрсөтүүсүндө иштеген Темим Ахмед Эбу Муаммер менен Ел  -  Акса каналынын кызматкери Абдуллах Махир  ес -  Суси аттуу журналисттердин каза болгондугу белгиленди. 

Маалыматта палестиналык журналисттердин бутага алынышы жана өлтүрүлүшү айыпталып, эл аралык коомчулук менен уюмдардан «Израилдин уланып жаткан кылмыштары үчүн эл аралык соттордо соттолушу жана геноцид, кыргын жана журналисттерди өлтүрүү кылмыштарын токтотуу үчүн Израилге кысым көрсөтүүсү» талап кылынды. 

Ушундайча 2023 -  жылдын  7 -  октябрынан бери Израиль армиясынын кол салуусу астындагы Газа тилкесинде өлтүрүлгөн журналисттердин саны 168ге жетти. 

 



Тектеш кабарлар