Блинкен Йоав Галлант менен телефон аркылуу аймактагы абалдарды сүйлөштү
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшү “эч бир тараптын кызыкчылыгына болбой тургандыгын” айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшү “эч бир тараптын кызыкчылыгына болбой тургандыгын” айтты.
АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Блинкен Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен телефон аркылуу аймактагы абалдарды сүйлөштү.
Блинкен АКШнын Израилге колдоосун кайталап аймакта чыңалуунун күчөтүлүшүнүн "эч бир тараптын кызыкчылыгына болбой тургандыгын" белгиледи.
Газада тез арада ок атышпоонун түзүлүшүнүн маанисине көңүлдөрдү бурган Блинкен өзгөчө Израиль менен Ливандын ортосунда дипломатиялык чечүүчү жолго баруунун маанисин баса белгиледи.
Израилдин Ливандын борбор шаары Бейрутта Хизбуллахтын жогорку мартабалуу командирлеринен Фуад Шүкүргө жаслаган абадан кол салуудан кийин Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийенин Ирандын борбор шаары Тегеранда кол салууга учурашы менен аймакта чыңалуу жогорулады.
Ханийе кол салуусунан Израилдин жооптуу экендигин айткан Тран менен Ливан Хизбуллахынан Тель - Авивге жооп кайтаруу коркутуусу келди.