АКШ Украинага жаңы аскердик жардам жиберет
Америка Кошмш Штаттары Украинага Россия менен болгон сгушта колдонуусу үчүн чукул муктаж болгон" маанилүү жаңы курал жана жабдыктар пакетинин" жиберилерин маалымадады.
Америка Кошмо Штаттары Украинага Россия менен болгон согушта колдонуусу үчүн чукул муктаж болгон "маанилүү жаңы курал жана жабдыктар пакетинин" жиберилерин маалымадады.
Кечээ мамлекеттик катчы Энтони Блинкен кол койгон жазуу түрүндөгү билдирүүдө : "АКШ бүгүн Украинага Россиянын уланып жаткан кол салууларына каршы коргонуусунда аскердик күчтөрүн колдоо үчүн чукул муктаждык болгон маанилүү курал жана абдыктар пакетин жиберет",- деп айтылды.
Билдирүүдө Блинкендин : "Бул жаңы жардамды Украинанын жерлерин жана калкын коргоосун күчөтүү үчүн мүмкүн болгон эң кыска убакытта жайгаштырабыз. Президент Байден да ачыкча белгилегендей АКШ жана түзүлгөн эл аралык коалиция Украинанын жанында болууну улантат",- деп айтылды.
Аскердик колдоонун 125 миллион доллар экендиги айтылды. Колдоо пакетинде «абадан коргонуу, ракета системалары жана артиллериялык ок-дарылар, көп максаттуу радарлар жана танктарга каршы курал» сыяктуу курал жана ок-дарылардын камтылганы белгиленди.
Акыркы жардамдын Байдендин Украинанын Коопсуздукка Кошумча Бөлүмдөр Актысына кол койгондон берки 10-коопсуздук жардам пакети экендиги да билдирилди.