Россия Израиль менен Иранга чакыруу салды
Михаил Богданов Израиль менен Иранды аймактагы чыңалууну күчөтпөөгө чакырды.
Россиянын президенти Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча атайын өкүлү жана тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Израиль менен Иранды аймактагы чыңалууну күчөтпөөгө чакырды.
Богданов борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча журналисттерге маалымат берди.
Жакынкы Чыгыштагы абалга да токтолгон Богданов Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийенин өткөн айда өлтүрүлгөнүн эске салып: «Бул туткундардын өз ара бошотулушуна байланыштуу сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизет. Ханийе (Египеттин борбор шаары) Каирде жана (Катардын борбор шаары) Дохада сүйлөшүүлөрдү координациялап жаткан», - деди.
Израиль менен Иранды аймактагы чыңалууну күчөтпөөгө чакырган Богданов: "Бардык тараптар менен байланыштабыз. Чыңалуунун басаңдатылышын жактайбыз. Өлкөлөр үчүн апаат коркунучун туудурган чыңалууну күчөтүүдөн алыс болууга чакырабыз. Маселелерди саясий жол менен чечүү керек»,- деди.
Богданов Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын жакынкы келечекте Россияга сапар менен барышын күтүп жаткандарын айтты.