Палестиналыктар Газанын батыш тарабына көчүүдө
Фархан Хак Газадагы гуманитардык абалга байланыштуу акыркы абалдарды журналисттер менен бөлүштү.
Израилдин акыркы эвакуация буйругунан кийин миңдеген палестиналык Газанын батыш тарабына көчүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак Газадагы гуманитардык абалга байланыштуу акыркы абалдарды журналисттер менен бөлүштү.
Хак: «БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросунун (OCHA) ал жердеги өнөктөштөрүбүз миңдеген адамдардын батышты көздөй Аль-Мавасиге качып баратканын байкашканын билдиришти»,- деди.
Израиль армиясынын кечээ жаңы эвакуация буйругун чыгарганын эске салган Хак, 30дан ашуун кыштакты камтыган аймакта «алгачкы эсептөөлөргө караганда 15 миң 500дөн ашуун кишинин таасирленгенин» кабарлады.
Бардык тараптарды дагы бир жолу «эл аралык гуманитардык укук алдындагы милдеттенмелерди аткарууга» чакырган Хак, «жарандыктардын жана жарандык объектилердин корголушуна көңүл буруу» зарылдыгын баса белгиледи.
Башкы катчынын басма сөз катчысынын орун басары Хак, Израиль армиясынын Газадагы бардык жолдорду жана өткөөл пункттарды бомбалаганы үчүн БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын (WFP) карамагындагы конвойлордун керектүү азык-түлүктү палестиналыктарга жеткире албаганын маалымдады.
Хак ушул себептен Газада азык-түлүк жетишсиздигинен жапа чеккен адамдардын санынын 600 миңге жетиши күтүлгөнүн айтты.