Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши ДЕАШ күн тартиби менен чогулду

Кеңеште уюмдун акыркы жылдарда жүргүзүлгөн операцияларга карабай күч чогултууга аракет кылып жатканы айтылды.

2173381
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши ДЕАШ күн тартиби менен чогулду

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши (БУУ) террордук уюм ДЕАШ күн тартиби менен чогулду.

Кеңеште уюмдун акыркы жылдарда жүргүзүлгөн операцияларга карабай күч чогултууга аракет кылып жатканы айтылды.

Өзгөчө Орусиядагы концертке кол салуу жана Иранда революциялык сакчылардын Кудс күчү командири Касым Сулейманини эскерүү программасына жасалган кандуу кол салуулардын террордук уюмдун акыркы мезгилдеги эң маанилүү кыймылдары экени маалымдалды.

Сессияда террордук уюмдун Африкадагы аракеттеринин коркунучу да талкууланды.

БУУнун отчетунда Африканын чоң бөлүгүнүн ДЕАШ жана ага тиешелүү террордук уюмдардын көзөмөлүнө өтүшү мүмкүн экени баса белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөш боюнча катчысынын орун басары Владимир Воронков, кеңешке берген отчетунда ДЕАШтын Батыш Африка менен Сахелдеги «кол салуу аймактарын кеңейтип жана бекемдеп жатканын» айтты.

Воронков алардын таасири улана турган болсо, «Малиден Нигериянын түндүгүнө чейин созулган кеңири аймак террордук уюмдун көзөмөлү астында калышы мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар