Таиланд өз жарандарына Англияга саякат боюнча эскертүү берди
Маселеге байланыштуу билдирүү Таиланддын Лондондогу элчилигинин сайтында жарыяланды.
2172978
Таиланд Англиядагы ашынган оңчулдардын нааразычылыгынан улам өз жарандарына этияттап саякатка чыгуу боюнча эскертүү берди.
Маселеге байланыштуу билдирүү Таиланддын Лондондогу элчилигинин сайтында жарыяланды.
Билдирүүдө Улуу Британияда жашаган же бул өлкөгө саякаттаган Таиланд жарандарына өзгөчө Халл, Ливерпуль, Бристоль, Манчестер, Сток-он-Трент жана Блэкпул шаарларына ошондой эле Түндүк Ирландиянын борбору Белфастка барганда эл көп чогулган жерлерден алыс болууга жана этият болууга кеңеш берилди.
Англияда 30-июлда башталган ашынган оңчул нааразылык акцияларынан улам Нигерия, Австралия жана Малайзия да жарандарына саякат эскертүүлөрүн беришти.