Сауд Арабия Ханийе кол салуусу тууралуу билдирди

Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийе 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда өлтүрүлгөн.

2172845
Сауд Арабия Ханийе кол салуусу тууралуу билдирди

Сауд Арабия Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийенин Тегеран сапары учурунда өлтүрүлүшүнүн Ирандын эгемендигин ачык  түрдө  бузуу экендигин жана аймактык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч туудургандыгын белгиледи. 

Сауд Арабиянын тышкы иштер министринин орун басары Валид аль-Хурайжи  Израилдин Палестина калкына каршы кол салулуарын жана Ирандын эгемендигин бузгандыгын сүйлөшүү үчүн Сауд Аравиянын Жидда шаарында өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун  жыйынында  сөз сүйлөдү.

Хурайжи, Израилдин Палестина жеринин ичинде жана тышында Палестина калкына каршы  кол салуулары жана мыйзамсыз аракеттеринен улам Палестина аймактарында күчөгөн окуялардын олуттуулугун Эр-Рияд башкаруусунун билгендигин айтты. 

Министрдин орун басары Хамастын лидери Ханийенин Тегеранга жасаган сапары учурунда өлтүрүлүшүнүн Ирандын эгемендигинин, жеринин бүтүндүгүнүн, улуттук коопсуздугунун, эл аралык мыйзамдын ачык түрдө бузулушу экендигин жана аймактык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч туудургандыгын белгиледи. 

Хуражие өзгөчө Сауд Арабиянын Палестина маселесине карата чечкиндүү позициясына таянып, Израиль күчтөрүнүн  калкка кол салууларын айыптаганын жана мамлекеттердин эгемендигине кол салууну же кандайдыр бир мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүнү четке кага турганын баса белгиледи.

Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийе 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда өлтүрүлгөн.

 



Тектеш кабарлар