Михаил Подоляк Курск облусунда баштаган кагылышууларга байланыштуу биринчи жолу маалымат берди
Украинанын президентинин башкы кеңешчиси Михаил Подоляк 6 - августта Украина армиясынын орус чек арасынан өтүп, Курск облусунда баштаган кагылышууларга байланыштуу биринчи жолу маалымат берди.
Украинанын президентинин башкы кеңешчиси Михаил Подоляк 6 - августта Украина армиясынын орус чек арасынан өтүп, Курск облусунда баштаган кагылышууларга байланыштуу биринчи жолу маалымат берди.
Подоляк : «Россия Федерациясынын Курск жана Белгород облустары да болгон бардык жерде чыңалуунун, бомбалоонун, кагылышуунун, мажбурлап эвакуациялоонун жана нормалдуу жашоо шарттарын бузуунун негизги себеби – бир гана Россиянын агрессиясы», - деди.
Украин кеңешчинин айтымына караганда Москва башкаруусун «чектөөчү эл аралык нормалардын кызыктырбагандыгын, коңшу өлкөлөрдүн жерлерине жазасыз кол сала аларын жана өз жерлери үчүн эки жүздүүлүк менен кол тийбестик талап кыла аларын» ойлоп жатат.
Украин өкмөтү жана армиясы Курсктын чек ара аймактарында жүрүп жаткан операциялар боюнча буга чейин эч маалымат берген эмес.
Армиянын жактоочусу орус социалдык медиасы Украинанын куралдуу күчтөрү Россия Федерациясынын ички аймактарына кирип баргандыгын, 11 калктуу конушту көзөмөлгө алганын жазган. Телеграмдагы Россияны колдоочу каналдар бейшемби күнү эрте менен Анастасьевка айылында Курск атомдук электр станциясы жайгашкан Курчатов шаарынын 30 чакырым алыстыкта кагылышуулардын башталганын жазган.