Израиль норвегиялык дипломаттардын аккредитациясын жокко чыгарды
Билдирүүдө бул чечимдин Норвегия өкмөтүнүн акыркы мезгилде таштаган «Израилге каршы кадамдарына» жооп экени белгиленди.
Израиль, 28-майда Палестина мамлекетин тааныганын жарыялаган Норвегиянын Палестина боюнча дипломатиялык өкүлдөрүнүн аккредитациясын жокко чыгарды.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги, Норвегия тарабынан дипломатиялык кызмат кылуу үчүн дайындалган дипломаттардын Израилдеги аккредитацияларынын жоюлушуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө бул чечимдин Норвегия өкмөтүнүн акыркы мезгилде таштаган «Израилге каршы кадамдарына» жооп экени маалымдалды.
Норвегиянын Палестина мамлекетин таануу чечими жана норвегиялык жогорку кызмат адамдарынын Израилге каршы комментарийлеринин бул чечимдин чыгышында таасирдүү болгону баса белгиленип, Норвегиянын элчилигине сөз болгон дипломаттардын аккредитациясынын жети күндүн ичинде, визаларынын болсо үч айдын ичинде жокко чыгарылаары билдирилгени кабарланды.
Норвегия 28-майда Палестина мамлекетин расмий тааныганын жарыялаган.
Израиль болсо мурда Палестина мамлекетин расмий тааныган Ирландия сыяктуу Норвегиядагы элчисин да чакыртып алган.
Норвегия Палестина мамлекетин Ирландия жана Испания менен бир убакта таануу чечимин чыгаргандан кийин Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдүн саны 146га жеткен.