Японияда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду
Билдирүүдө жер титирөөнүн 30 чакырым тереңдикте болгону белгиленди.
Япониянын түштүк-батышындагы Миядзаки префектурасынын жээгинде күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду.
Япониянын метеорология агенттигинин (JMA) билдирүүсүндө, өлкөнүн түштүк батышындагы Миядзаки провинциясынын жээгинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.43тө күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болгону жарыяланды.
Билдирүүдө жер титирөөнүн 30 чакырым тереңдикте болгону белгиленди.
Жапон бийликтери Кочи жана Миядзаки префектураларына да цунами коркунучу тууралуу эскертүү берди.
Азырынча жер титирөөдө адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилгени белгисиз.
Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Хаяши Йосимаса маалымат жыйынында жер титирөөдөн кийин өзөктүк объекттерде эч кандай аномалия байкалбаганын билдирди.
Хаяши ошондой эле Миядзаки жана анын айланасындагы провинцияларда жаракат алгандар болгондугу тууралуу кабарлар болгонун билдирди.
JMAнын билдирүүсүндө, Миязаки жана Кочи жээктеринде болжол менен 20-50 сантиметр бийиктиктеги толкундардын байкалганы, цунами эскертүүлөрү берилген аймактардагы адамдарга деңиз жээктеринен жана дарыя жээктеринен алыс болууга кеңеш берилгени белгиленди.
Жер титирөөдөн улам Миядзакинин айланасындагы транспорт кызматтары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер Миядзаки аэропортунан Осака менен Токиого айрым каттамдар токтотулганын жарыялашты.
Кюсю темир жолу (JR Кюсю) тарабынан башкарылуучу Кюсю жана Ниши Кюсю жогорку ылдамдыктагы поезд (Шинкансен) кызматтары да жарым-жартылай токтотулган.
Кошумчалай кетсек, Миядзакиден өлкөнүн батышындагы Кобе шаарына паром каттамдары да токтотулган.
Тектеш кабарлар
Грецияда таксичилер бир күндүк иш таштоого чыгышты
Таксичилер профсоюзунун чакыруусу менен болгон иш таштоо Афинада кечээ эрте менен башталды.