Болгариянын мектептеринде LGBT үгүтүнө тыюу салынды
Парламентте билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн жобо талкууланды.
Болгариянын парламенти, мектептерде LGBT пропагандасына тыюу салган мыйзамды кабыл алды.
Парламентте Вазраждане партиясы сунуш кылган билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн жобо талкууланды.
Добуш берүүдө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу 8 каршы 154 макул добуш менен кабыл алынды. 9 депутат калыс добушун берди.
Мыйзамдын өзгөрүшү менен мектептерде LGBT үгүтүнө жана «биологиялык эмес сексуалдык ориентация» темасына тыюу салынды.
Кабыл алынган текстте "гендердик иденттүүлүктүн ар кандай аныктамаларына карата идеяларды жана көз караштарды түз же кыйыр түрдө пропагандалоонун, үгүттөөнүн же шыктандыруунун ар кандай формасына тыюу салынат" делди.
Болгар Социалисттик партиясынын (BSP) лидери Корнелия Нинова өлкөдө LGBT лоббисинин таасиринин өзгөртүү киргизүү менен азайарын айтты.