Безалел Смотрихтин камакка алынышы талап кылынды

Палестинанын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө :  «Смотрихтин билдирүүсүнүн геноцид саясатын кабыл алуунун жана муну менен мактануунун ачыктан-ачык моюнга алынышы»,- деп айтылды.

2173221
Безалел Смотрихтин камакка алынышы талап кылынды

Палестина Израилдин ашкере оңчул каржы министри Безалел Смотрихтин камакка алынышын Эл аралык кылмыш сотунан талап кылды.

Палестинанын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө :  «Смотрихтин билдирүүсүнүн геноцид саясатын кабыл алуунун жана муну менен мактануунун ачыктан-ачык моюнга алынышы»,- деп айтылды.

Эл аралык кылмыш сотунан бул маселе боюнча камакка алуу буйругун берүүнү талап кылган билдирүүдө, билдирүүлөрү айыпталган Израил министринин сөздөрү «эл аралык укуктун эрежелерин жана адамзаттын негизги принциптерин ачык бузуу» катары бааланды.

Эл аралык соттон  бул тема тууралуу камоо буйругунун чыгарылышы талап кылынган билдирүүдө сөздөрү айыпталган израилдик министрдин сөздөрү «эл аралык мыйзамдын эрежелеринин жана адамзаттын негизги принциптеринин ачык түрдө бузулушу» деп баа берилди.

Смотрих 5 - августта «Израиль Хайом» басма үйү тарабынан уюштурулган конференцияда 7-октябрдан бери Израилдин чабуулуна кабылган Газа тилкесине гуманитардык жардамдын бөгөт коюлушу керектигин жактаган.

Смотрих Израилдин катуу кол салуулары жана гуманитардык жардамдарга тоскоол болушунан улам бир нече айдан бери ачарчылыктан жапа чеккен бардык газалыктардын өлүмүнүн «мыйзамдуу» экенин ишара кылган.

 



Тектеш кабарлар