Хиросимадагы эскерүү аземинде Израилге каршылык көрсөтүлдү

Палестинаны колдогон 100гө жакын активист Израилдин Токиодогу элчиси Гилад Коэндин эскерүү аземине чакырылышын айыпташты.

2172496
Хиросимадагы эскерүү аземинде Израилге каршылык көрсөтүлдү

Японияда  активисттер Хиросимага жасалган атомдук бомбалоого  карата шаарда өткөрүлгөн эскерүү аземине Израилдин чакырылышына каршы чыгышты.

Палестинаны колдогон 100гө жакын активист Израилдин Токиодогу элчиси Гилад Коэндин эскерүү аземине чакырылышын айыпташты.

Палестинанын Япониядагы өкүлү Валид Сиам да "тынчтыктын символу" деп мүнөздөгөн Хиросимада "Газалык курмандыктардын четтетилишине көңүлү калганын" билдирди.

Сиам Израилдин аземге чакрылышынын Хиросима өкүлү болгон адилеттик принцибине тескери экендигин баса белгиледи. 

Активисттердин бири Масае Юаса Израилдин чакырылышын  дүйнөдө туруктуу тынчтыкты жактаган Хиросиманын күрөшүнө  «чыккынчылык» катары баа берди. 

Хиросималык жетекчилер Япония өкмөтү тарабынан кабыл аланбаган жана БУУнун мүчөсү эмес деген негиз менен Палестинаны аземге чакырган эмес. 

АКШ 1945 -  жылы  6 -  августта Хиросимага тарыхтын биринчи атом бомбасын аткан жана шаардын  90 пайызын кыйратып,  биринчи учурда  80 миң киши каза болгон. Үч күндөн кийин да Нагасакиге атом бомбасы атылып, бул жерде да кеминде  40 миң кишинин каза болгондугу белгиленген. 

Андан кийинки айларда жана жылдарда аймакта радиацияга байланыштуу оорулардан улам адамдардын каза болгону уланган. 

 



Тектеш кабарлар