Остин - Галлант сүйлөшүүсү

Остин АКШнын аймактагы аскердик поизициясын бекемдөөгө карата чаралар тууралуу Галантка маалымат бергенин айтты.

2172084
Остин  -  Галлант  сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Ллойд Остин Израилдик кесиптеши Йоав Галлант менен Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларды талкуулады.Министр Остин Х социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө израилдик есиптеши Галлант менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө : "Израилге карата Ирандан келген коркутуулар" жана Жакынкы Чыгышта акыркы күндөрдө болгон  абалдар туралуу сүйлшкөндөрүн белгиледи. 

АКШнын : "Иран Ливандын Хизбуллахы жана Иран колдогон өкүл топтордон келген коркунучтарга каршы Израилдин коргонуусуна  бере турган колдоону кайталаган   Остин өлкөсүнүн Ирактагы Айн аль-Асад аба базасына кол салуусунун аймактагы чыңалуунун күчөшүнө себеп боло турганы боюнча макул экендигин белгиледи. 

Остин АКШнын аймактагы аскердик поизициясын бекемдөөгө карата чаралар тууралуу Галантка маалымат бергенин айтты. 

АКШнын коргоо министрлиги (Пентагон) : "Ирандан келген коркунучтардын" алдында Израилдин коопсуздугуна карата колдоону арттыруу үчүн аймакка кошумча аскердик учактарды жана кемелерди жибере тургандарын билдирген. 

7 - октябрдан бери Газа тилкесине чабуулун улантып жаткан Израиль түндүк чек арасында да Ливан Хизбуллахы менен согушууда.

Израилдин өткөн аптада Ливандын борбору Бейрутта Хизбуллахтын жогорку даражалуу командирлеринин бири Фуад Шүкүргө абадан кол салуусу жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийенин Ирандын борбор шаары Тегеранда өлтүрүлүшүнөн кийин аймакта чыңалуу күчөдү.

Ханийеге карата кол салууда Израилди жооптуу деген Иран менен Ливан Хизбуллахынан Тель Авивге каршы жооп кайтаруу коркунучу келген.

 

 



Тектеш кабарлар