Метадан «операциялык ката» билдирүүсү

Мета политика коммуникация директорлугунун билдирүүсүндө Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Ханийенин өлтүрүлүшүн айыптаган жана көңүл айткан билдирүүлөрүнүн жаңылыштык менен өчүрүлгөнү белгиленди.

2172208
Метадан «операциялык ката» билдирүүсү

Америкалык социалдык медиа платформасы Мета Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийе тууралуу билдирүүлөрүнүн «операциялык ката» себебинен Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарынан өчүрүлгөнүн жактады.

Мета политика коммуникация директорлугунун билдирүүсүндө Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Ханийенин өлтүрүлүшүн айыптаган жана көңүл айткан билдирүүлөрүнүн жаңылыштык менен өчүрүлгөнү белгиленди.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин 31-июлдагы Ханийенин өлтүрүлүшүн айыптаган посттору жана ХАМАСтын саясий бюросунун жетекчиси менен жолугушкандагы сүрөттөрү Метанын социалдык тармактарынан «коркунучтуу адамдар жана уюмдар» деген шылтоо менен өчүрүлгөн.

1-августта Ибрагим Метаны «сионисттик Израиль режиминин куралы» деп айыптады, ал эми 4-августта Метанын өкүлдөрү менен Малайзия премьер-министринин кеңсесинин өкүлдөрү жолугушту.

Малайзиянын Премьер-министринин Аппаратынын Медиа жана стратегиялык коммуникациялар бөлүмү тарабынан жасалган билдирүүдө, «Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министрлик, Метанын премьер-министрдин жакында киши колдуу болгон Исмаил Хенийе үчүн көңүл айтуу билдирүүлөрүн алынып салынышына терең кайгырганы айтылды»,делди.

Мета Анвар Ибрахимдин постторун «туура жаңылык  баалоосу теги менен» калыбына келтирген.



Тектеш кабарлар