Киев армиянын чарчагандыгын моюнга алды

Подоляктын айтымында, армия курал - жарактын жана камсыздоонун олуттуу жетишсиздигинен жапа чегип, фронттогу окуялардын монотондуулугунан улам аскерлер чарчады.

2172191
Киев армиянын чарчагандыгын моюнга алды

Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк украин аскерлери Россия менен узакка созулган кагылышуулардан улам психологиялык жактан чарчаганын билдирди.

Михаил Подоляк жергиликтүү басма сөзгө маалымат берди.

Подоляктын айтымында, армия курал - жарактын жана камсыздоонун олуттуу жетишсиздигинен жапа чегип, фронттогу окуялардын монотондуулугунан улам аскерлер чарчады.

Подоляк аскерлердин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин фронтко келишинен ыраазы экендигин айтты. Кеңешчинин айтымында, Зеленский бул сапарлары менен аскерлердин моралдык абалын көтөрүүгө аракет кылууда.

Зеленский июнь айында аскерлердин чарчагандыгынан сөз кылып, кагылышуунун аякташы керектигине көңүлдөрдү бурган. 

Июль айынын аягында Михаил Подоляк Киевдин Россия   менен жолугушууга даяр экенин айтып, бирок сүйлөшүүлөрдүн  эл аралык мыйзамдарга негизделген шарттарда өтүшү керектигин билдирген.

Подоляк  Украинанын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгү украин тарап үчүн негизги принцип бойдон калаарын да баса белгилеген.

Киев Зеленский буга чейин  сунуштаган “тынчтык формуласында” катуу турат.

Бул формулага ылайык, 1991-жылдагы чек аралар кайтарылып, орус армиялары басып алган Украина жерлеринен, анын ичинде Крымдан чыгышы керек. Москва Украинанын шарттарын кабыл албай жатат. 

Россиянын президенти Владимир Путин ок атышпоо жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн украин армиясынын “Луганск жана Донецк элдик республикаларынан”, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарынан чыгарылышын, Украинанын НАТОго кирбей турганына убада беришин каалап жатат. Киев Путиндин сунушуна ультиматум катары карап жатат. 

 

 

 



Тектеш кабарлар