Июль айында Токиодо ысыктан 123 адам каза болду
Метеорология агенттиги, август айында да абанын температурасы 35 градустан жогору болушу мүмкүн экенин кабарлады.
2172202
Июль айында Япониянын борбору Токиодо ысыктан 123 адам каза тапты.
Жетекчилер Японияда июль айында орточо температуранын акыркы 30 жылдагы орточо температурадан 2,16 градуска жогору болгонун билдиришти.
Япониянын метеорология агенттиги каттай баштаган 1898-жылдан бери эң ысык июль айы болгонун белгилеген жетекчилер, бир айдын ичинде көбү карылардан турган 123 кишинин каза тапканын жарыялашты.
Метеорология агенттиги, август айында да абанын температурасынын 35 градустан жогору болушу мүмкүн экенин кабарлады.
Июль айындагы өлүмдөр, 2018-жылы ысыктан 127 адамдын каза болушунан берки эң жогорку көрсөткүч катары катталды.