Гутерриш өзөктүк курал боюнча эскертти

Антонио Гутерриш Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Хиросима жана Нагасакини атомдук бомбалоосунун 79 жылдыгына карата кайрылуусун жарыялады.

2171882
Гутерриш өзөктүк курал боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, өзөктүк куралдын ачык коркунуч туудурарын эскертти.

Антонио Гутерриш Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Хиросима жана Нагасакини атомдук бомбалоосунун 79 жылдыгына карата кайрылуусун жарыялады.

Ядролук курал жана колдонуу коркунучунун тарых китептери менен эле чектелбестигин белгилеген Гутерриш, бул куралдардын дагы бир жолу эл аралык карым-катнаштардын күн тартибинде орун алганын маалымдады.

Гутерриш өзөктүк куралдын ачык коркунуч туудурарын эскертип, аларды колдонуунун каргашалуу кесепеттерге алып келерин айтты.

Кээ бир өлкөлөрдүн эскертүүлөргө карабастан ядролук курал колдонуу коркунучун улантып жатканын билдирген Антонио Гутерриш, эл аралык коомчулуктун бул кабыл алынгыс кыймылды айыптоосу керектигин баса белгиледи.

АКШ 1945-жылы 6-августта Хиросимага, 9-августта Нагасакиге таштаган атомдук бомбалары менен 210 миңге жакын адамдын өлүмүнө себеп болгон.



Тектеш кабарлар