Энтони Блинкен чакырык салды
Энтони Блинкен өлкөсүнө келген австралиялык кесиптеши Пенни Вонг менен борбор шаар Вашингтондо жолугушту.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыштагы бардык тараптарды чыңалууну азайтуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
АКШнын Мамлекеттик департаментинен берилген маалыматка караганда, Энтони Блинкен өлкөсүнө келген австралиялык кесиптеши Пенни Вонг менен борбор шаар Вашингтондо жолугушту.
Блинкен маалымат жыйынында, өткөн аптада Хамастын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлүмүнөн кийин Жакынкы Чыгыш үчүн "кырдаалдын курч" экенин билдирди.
Газада ок атышпоого жетишүү менен циклдин бузулушу керектигин айткан Блинкен, мунун аймакка тынчтык алып келиши мүмкүн экенине көңүл бурду.
Блинкен Жакынкы Чыгыштагы бардык тараптардын "чыңалууну басаңдатуу үчүн кадам таштоосу керек" экенин белгилеп: «Чыңалууну күчөтүү эч кимге пайда алып келбейт. Дагы да көп чыр-чатакка жана зомбулукка себеп болот»,- деп кошумчалады.
Израилдин өткөн аптада Ливандын борбору Бейрутта Хизбулланын жогорку даражалуу командирлеринин бири Фуад Шукрга абадан кол салуусу жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Ирандын борбор шаары Тегеранда өлтүрүлүшүнөн кийин аймакта чыңалуу күчөгөн.