ДССУ Ковид - 19 бейтаптарындагы көбөйүү тууралуу эскертти
ДССУнун эпидемияга жана пандемияга даярдык жана алдын алуу боюнча директору Мария Ван Керхове Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Ковид-19 эпидемиясына баа берди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму акыркы жумаларда коронавирустун жаңы түрү Ковид - 19 учурларынын көбөйгөндүгү тууралуу эскертти.
ДССУнун эпидемияга жана пандемияга даярдык жана алдын алуу боюнча директору Мария Ван Керхове Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Ковид-19 эпидемиясына баа берди.
Ковид-19дун дүйнө жүзү боюнча азыр да кеңири тараганын белгилеген Керхове: "84 өлкөдө биздин байкоо системабыздан алынган маалыматтар акыркы бир нече жумада Ковид-19 үчүн оң тесттердин пайызы көбөйгөнүн кабарлады. Жалпысынан тесттин позитивдүүлүгү 10 пайыздан жогору, бирок бул аймакка жараша өзгөрүп турат. Европада позитивдүүлүк 20 пайыздан ашат",- деди.
Керхове Ковид - 19дун жайылуусу азыркы учурда билдирилгенден дагы көп экендигин айтып : "Бул маанилүү анткени вирус көбөйүп, өзгөрүүнү уланта берет. Бул абал да баарыбызды вакцина алуу жана медициналык кийлигишүүлөрүбүздөн кча ала турган потенциал катары дагы дагы күчтүү вирус коркунучуна салууда",- деди.
Сезонго карабастан, акыркы айларда көптөгөн өлкөлөрдө Ковид-19 учурларынын көбөйгөнүнө көңүл бурган Керхове, Францияда өткөрүлгөн Париж 2024 Олимпиада оюндарында жарышкан кеминде 40 спортчунун да Ковид-19 үчүн оң тесттен өткөнүн белгиледи.
Керхове бул олку - солкулуктардын көптөгөн өлкөлөрдө ооруканага жаткырылгандардын жана өлүмдөрдүн көбөйүшүнө себеп болгонун баса белгиледи.
Керхове ошондой эле өзгөчө тобокелдик тобундагылардын вакцинанын күчөтүүчү дозасын алышы керектигин баса белгиледи.