АКШда болгон Дебби бороону

Америка Кошмо Штаттарынын түштүк - чыгышында, өзгөчө Флорида штатына таасирин тийгизген Дебби бороонунан алгачкы маалыматтарга караганда 4 киши каза болду.

2171909
АКШда болгон Дебби бороону

Америка Кошмо Штаттарынын түштүк - чыгышында, өзгөчө Флорида штатына таасирин тийгизген Дебби бороонунан алгачкы маалыматтарга караганда 4 киши каза болду.

Улуттук метеорологиялык кызматынын (NWS) маалыматына караганда, Флорида штатынын Тампа шаарындагы 75 - шосседе  жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай каза болду.

Мамлекеттик жетекчилер буга чейин билдирилген  үч өлүмдүн арасында унаа кырсыгынан каза болгон аял жана 12 жаштагы бала менен мобилдик үйдүн үстүнө бак кулап каза болгон өспүрүм да бар.

Улуттук бороон  борборунун маалыматы боюнча, Дебби бороону Флорида штатынын Стейнхэтчи шаарынын жээгинен 80 миль (болжол менен 130 километр) ылдамдык менен кургактыкка жеткнеден кийин акырындап тропикалык бороонго айланды.

Штаттын жетекчилери  Деббинин өлкөгө жылышынан улам кеңири жайылган суу ташкындарынын болгонун жана катуу бороондун дарактарды көңтөрүп, электр мамыларын кулатып, штат боюнча 250 миңден ашуун абоненттин электр жарыгын өчүргөнүн билдирди. Кошумчалай кетсек, FlightAware учууга көз салган сайттын маалыматы боюнча, кечээ 1700дөн ашык каттам токтотулуп, 5800дөн ашуун каттам кийинкиге калтырылды.

NWS өлкөнүн түштүк - чыгышындагы кээ бир райондордо бир нече күн бою "бороон, катастрофалык жамгыр жана жээкти суу каптоо күтүлөт" деп белгиледи.

 



Тектеш кабарлар